Эгер дос негедир болсо бош Дос эмес, кас эмес бир неме. Эгер көрүп тааныбасаң Анын жаман же жакшысын. Жигитти тоодон көр - барып көр, Таштаба, жалгыз калтырба. Бир жипке байланган сени менен Ошондо билесиң ким экенин. Эгер тоодон аның багынып, Калтаарып, ылдый кетсе качып, Мөңгүдөн калтырап, шалпыйып Тайып кетсе - ообу жок кыйкырык. Жат адам анда жаныңда. Сен аны кубала, урушпа. Бийикке буларды алышпайт, Буларга ыр арнап ырдашпайт. А эгер наалыбай, ыйлабай, Үңүрөй өжөрлөп, өргөлөп. Тайганда капыстан аскадан Тиштенип коё бербей кармаган. Катарлаш майданга баргандай, Чокуда ал турса бараандай Анда сен өзүңө ишенсен Ушундай досуңа ишенгин.
© Улан Жунушбаев. Котормо, 2014