Шаардын чуусуна, унаалар тыгынга Кайтабыз - барчу жерибиз жок анткени! Багынткан чокудан түшөбүз ылдыйга, Тоолорго жүрөктөр ташталып кеткендей. Койгун эми, ташта дайыны жок талашты! Бардыгын өзүмө мен эми түшүндүм - Тоолор гана болоор тоолордон жакшы, Багынта элек турат сени күтүшүп. Көөнү тартпай ким кетип калчу эле? Жамандыкта ким жалгыз калгысы келет? - Багынткан чокудан төмөн барчу элек, Арга канча, жараткан да кээде жерге түшөт. Койгун эми, ташта дайыны жок талашты! Бардыгын өзүмө мен эми түшүндүм - Тоолор гана болоор тоолордон жакшы, Багынта элек турат сени күтүшүп. Канча сөз, канча үмүт, канча ыр, темалар Жаралат тоолордо, калгын деп чакырат. Ылдыйга түшөбүз - түбөлүк, бир жылга, Анткени өз жерге адам дайыма кайтат. Койгун эми, ташта дайыны жок талашты! Бардыгын өзүмө мен эми түшүндүм - Тоолор гана болоор тоолордон жакшы, Багынта элек турат сени күтүшүп.
© Улан Жунушбаев. Котормо, 2014