Ача жыгач жок мында, ал анткени Боордоштордун мүрзөсү мына бул жай. Таазим кылса ким бирөө өчпөс отко, Кимдир бирөө гүлчамбар келет кармай. Жер камырдай ийленген ал бир заман, Тунжуроодо азыр мында моло таш. Тагдырым деп, таалайым деп эзели, Төкпөйт мында жесир келип көздөн жаш. Өчпөс оттон танк элеси көрүнөт, Өрт чулгаган орус үйлөр анан да, Күйүп жаткан Смоленск, рейхстаг, Солдат бала моюн сунган ажалга. Боордоштордун мүрзөсүнө гүл кармап, Жесир эмес, кайраты күч эл келет. Мекен үчүн ажалга тик карачуу, Мекен тууган ар бир бала эр жетет.
© Таштанбек Чакиев. Котормо, 2014