Жаштыкты, мастыкты, аялды Сүйчүмүн жашоонун өзүндөй. Болчу эмес ушактын аягы, Мен калган чынында чөмүлбөй. Бир курдай деңиздин жээгинде Жол менен жөн гана баратып. Жолуктум татына келинге, Бир бастык анан биз жанашып. Сымбаты сынына жарашкан, Үр кызы өңдөндү ал мага. Аттиң аа, чөнтөктө адашкан Тыйын жок, аңтаргын-аңтарба! Анткени, сүйөт ал акчаны; Жигиттин көбүнө көз кысат. Жарашса колуна алганы, Кучагың тосо бер, жыгылат. “Мен сага беремин каалаган Нерсеңди... Эч коркпо Вася!-дейт. Мен айттым: “Жүз сомго көнүп бер, Жаныма досумду алам деп!” Албуут да көпчүлүк аялдар: Ай-койго келбестен жөнөдү!... Көңүлүн мынчалык жаралаар, Не дедим, түшүнбөй күн өттү. ...Ай өтүп көңүлдөр жайланып, Калганда капыстан ал келди. Келгенин акыры айланып, Дедим мен: “Акыры баа жеңди!”        
© Таштанбек Чакиев. Котормо, 2014