Болгон күчүм, тарамыштарым менен жулкунам. Бирок бүгүн да кечээгидей Курчашты мени, курчашты, Шаттана номерлерге куушат. Карагайдын артынан кош ооздор тарсылдашат, Аякта мергендер көлөкөгө жашынышат. Карда бөрүлөр аласалып атышат Тирүү бутага айланып. Бөрүлөргө аң улоо журүп атат, аң улоо, Боз жырткычтарга - жетилгендерге жана күчүктөргө. Айдоочуулар айдактайт, иттер кускуча үрөт, Карда кан жана желекчелердин кызыл тактары. Карышкырлар менен егерлер тең эмес Ойношот! Кол былк этпейт! Желек менен эркиндикти бизге короп коюп Кооптонбостон таамай атышат! Бөрү салт бузалбайт, Наристе кезде, көз ачыла электе Биз бөлтүрүктөр энебиздин эмчегин эмгенде Соруп алганбыз го «желектен өтпө!» дегенди. Бөрүлөргө аң улоо журүп атат, ан улоо, Боз жырткычтарга - жетилгендерге жана күчүктөргө. Айдоочуулар айдактайт, иттер кускуча үрөт, Карда кан жана желекчелердин кызыл тактары. Аяктарыбыз, жаагыбыз ылдам. Анда эмне үчүн, башчы, жооп берчи Окко карай тукурулуп жулунабыз Да тыюудан ашып корбөйбүз? Бөрү антпеш керек, анте албайт! Мына убактым бүтүп атат: Мен буйрулган (мерген) Жылмайып мылтыгын көтөрдү. Бөрүлөргө аң улоо журүп атат, аң улоо, Боз жырткычтарга - жетилгендерге жана күчүктөргө. Айдоочуулар айдактайт, иттер кускуча үрөт, Карда кан жана желекчелердин кызыл тактары. Бирок баш ийүүдөн чыктым мен Желектин артына: жашоону каалоо күчтүүрөөк, Кубанып артыман угуп аттым Таңгалган элдин кыйкырыгын. Болгон күчүм, тарамыштарым менен жулкунам. Бирок бүгүн кечээгидей эмес Курчашты мени, курчашты, Бирок егерлер куру кол калышты! Бөрүлөргө аң улоо журүп атат, ан улоо, Боз жырткычтарга - жетилгендерге жана күчүктөргө. Айдоочуулар айдактайт, иттер кускуча үрөт, Карда кан жана желекчелердин кызыл тактары.
© ?. Котормо, 2021