Жактырбайм буйрулган жыйынтыкты, Жашоодон түк чарчабайм. Жактырбайм жылдын ар учурун Шаттуу ырларды ырдабаганымда. Жактырбайм суук цинизмди, Ашата шаттанууга ишенбейм, дагы Чоочун бирөө каттарымды окуганын Ийнимдин үстүнөн аңдып. Жактырбайм жарым-жартылайды Же маек бузганды. Жактырбайм арттан атканды, Такап атканга да каршымын. Жек көрөм ушактарды болжол түрдөгү, Шектенүү курттарын, ардактоо ийнесин, Же дайыма жүнгө тескери сылаганды, Же темир менен айнек кырганды. Жактырбайм ток ишеничти, Андан көрө тормоз иштебей калсын! Ызаланам, «намыс» деген сөзү унутулса да Сырттан жалаа жабуу абийирдүү болсо. Сындырылган канаттарды көргөнүмдө Аёо менде жок болот, бекеринен эмес. Жактырбайм зордук менен алсыздыкты. Бирок керилген Исаны мен аяйм. Жактырбайм өзүмдү коркконумда, Ызам келет, күнөөсүздү сабашканда, Жактырбайм, ич-койнума киргенде, Өзгөчө аягыма түкүргөндө. Жактырбайм арена-манеждерди. Аякта миллионду бир сомго алмаштырышат, Алдыда чоң өзгөрүштөр болсо дагы, Аны мен эч качан жактырбаймын.
© ?. Котормо, 2021