Эгерде досуң кокустан Дос эмес, кас эмес болуп чыкса, Ошол замат биле албасаң Жакшыбы ал же жаманбы, - Жигитти тоого тарт - тобокелге сал! Аны жалгыз таштаба, Сени менен бир жипте болсун - Тиякта түшүнөсүң ким экенин. Жигит тоодо анча эмес болсо, Заматта шалдырап ылдый кетсе, Мөңгүнү басар менен шылкыйса, Буту тайса эле чыңырса, - Анда жаныңда - чоочун (адам), Аны тилдебе - кубала: Өйдө жакка мындайды албайт да биякта Андайлар жөнүндө ырдабайт. Эгер кыншылап-кыңылдабаса, Кабагы бүркөк, ачуулуу болсо да басса, Аскадан сен кулаганда Ал онтолосо да кармап турса, Артыңан урушка бараткандай жүрсө, Чокуда мастай болуп турса, - Демек өзүңө эле болгондой Ишенгин сен ага.
© ?. Котормо, 2021