Жердин жүзүн каптаган боз топон суу Жээкке кайтып келгенде эми гана, Көбүгүнөн суурулуп көк толкундун Көлкүп, Сүйүү таштады жерге кадам - Аралашты абага бир мөөнөткө, Ал мөөнөттү санасаң жетпейт санак... Апендилер, андайлар да бар, Ал абадан жутушуп алар, Сыйлыкты да, жазаны да күтүшпөйт, - Болгону мен дем алдым дешип, Бир учурда бирге үндөшүп, Бир башкача абалга алар түшүшөт. Туюп турам, кеме суудагы, Туруш керек калкып кыйлага, Жашаганым, дем алуум дагы - Жана сүйүүм - баары бир гана. Тентиретет, кыдыртып көп жерлерди: Сүйүү өлкөсү - улуу өлкө, талашсыз! Сүйүү үчүн баарын кылчу эрлерди - Сынайт, кыйнайт, күчтүү коюп талапты: Сүйгөнүнөн алыстатып кээлерди, Тынчын алып, уйкуларын таратып... Кайтпайт артка бул адамдар элирген - Кайыл болуп, даяр баарын берүүгө Керек болсо кайра тартпайт өлүмдөн, - Коргош үчүн, жолтоо кылып үзүүгө Кудуреттүү жипти, көзгө көрүнбөс, Курчап-чырмап, байлап турган сезимди. Таза абага мас болушуп бул жандар, Теңселишет, өлсө кайра жанданып, Ал анткени, сүйүүдөн кур калгандар, Жашашкан жок, жана да дем алган жок! Тумчуккандар ширесине сүйүүнүн Такыр укпайт - канча аларга кайрылба, - Келжиреген ушак, куру сөз үчүн Канчалары кара жандан айрылган. Келебиз биз эскерип, аза күтүп Сүйүү үчүн өлгөндөргө кайгырып... Рухтары алардын гүлзарларда, А үндөрү кошулуп бир ыргакка, Түбөлүктүү жашоодон дем алууда, Өлбөстүккө жолугат - деми менен - Өтүп өтө кылтылдак көпүрөдөн, Бул ааламдын кайчылаш тар жолунда, Ашыктарга төшөймүн гүлдөрдү - Ырдашсынчы түшүндө, өңүндө! Дем аламын, демек мен сүйөмүн! Мен сүйөмүн, демек мен тирүүмүн!
© ?. Котормо, 2016