Жазмыш болгон жамандыкты сүйбөймүн, Жадабаймын мен эч качан жашоодон. Жазда, жайда, кышта, мейли күздөбү, Жакпайт мага жаратпасам шаңдуу обон. Шылдыңдаган сындоолорду жактырбайм, Шаттыкка мен ишенбеймин, жана да - Жактырбаймын уурданып артымдан, Жазган катым окуп жатса жат адам. Жактырбаймын - толук эмес, жартыны, Же сүйлөгөн сөздү бөлсө, шаштырып. Жаман көрөм - атса адамды артынан, Жакын такап атканга да каршымын. Жек көрөмүн боолгологон ушакты, Жалган сыйды, күмөнсаноо илдетин, Же - жөнү жок калжаңдаса ынсапсыз, Же сындырса темир менен айнекти. Кекирейген токкурсакты жек көрөм, - Кабылганың жакшырак го кырсыкка. "Урмат" сөзү унутулганга өкүнөм Урматталат каршы чыккан чындыкка. Канаттарды көрсөм сынган, кайрылган - Кайгыруу жок менде, анткен себебим: Жакпайт мага зөөкүр дагы, алсыз жан, - Жалгыз гана Машаякка кейиймин. Корккон кезде жакпайм өзүм өзүмө, Күнөөсүздөр запкы тартса өкүнөм. Кирбесе дейм эчким ички дүйнөмө, Кирип алып түкүрүшсө жек көрөм. Мага жакпайт ареналар, сахналар: Миллиондун баасы бир сом бул жайда. Мейли болсун чоң өзгөрүү бир далай - Мен эч качан жакшы көрбөйм мындайды!
© ?. Котормо, 2016