Баардыгы баягыдай эле..бирок андай эмес, Баягы эле асман –кечинде жылдыз жанды.. Баягы эле токой, аба - суу да баягы, Болгону ал согуштан кайтпай калды... Мен эми билбейм, кимдики туура Биздин талаш аягына чыкпады... Ал согуштан кайтпай калды, Жер кучактап түбөлүккө уктады... Кээде унчукпай, кээде болсо бакылдап Бул турмушта эмнелерди айтпады... Таңдан кечке уйку бербей сүйлөөчү, Кечээ болсо согуштан ал кайтпады... Мага азыр дем алганы угулбайт, Кээде болсо тартып калчу коңурук... Жалгыз таштап, кайтпай калды согуштан, Жалбыракты учургандай жел уруп... Жаз да келди, туткундан бошонгондой Эсимде жок, канча көйнөк биз жырттык... -Досум, тамекиден калтырчы –деген үнгө, Жооп берди мемиреген жымжырттык...         Жертөлөгө экөөбүз тен батчубуз, Экөөбүз тең күтпөгөнбүз өлүмдү.. Согуштан кайтпаган- балким менмин, Убакыттын ченемине уурдатып өмүрдү...
© ?. Котормо, 2017